• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айдоочулардын эсине! Эгемендик күнүндө Бишкекте бир катар көчөлөр жабык болот

Коом 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Эгемендик күнүнө карата парадды уюштурууга байланыштуу 31-августта саат 2:00дөн тартып Эски аянт жана башкы Ала-Тоо аянты жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй кең көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндикке чейин, Абдымомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

Ошондой эле аскердик-техникалардын өтүүсү учурунда төмөнкү көчөлөр жабык болот: Ч.Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь, Ала-Тоо аянты, Чүй-Чуфиктин кесилиши жана Профсоюз.

«Урматтуу шаардыктар. Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана жол каттамын алдын ала пландап алууну суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий