• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ушу тапта алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 адамга издөө жарыяланган

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Ушу тапта алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 адамга издөө жарыяланган. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов парламентте билдирди.

Анын пикиринде, алимент төлөбөгөн адамдардын көбү Россиянын аймагында жүргөнүн белгиледи.

"Адегенде жарандар бизге арыз менен кайрылышат. Минск конвенциясынын жоболоруна ылайык, биз Россияга кат менен кайрылып, анын жообун алабыз. Эгерде ал иштеп жатса, эмгек акысынын бир бөлүгү алиментке кармалат. Ал эми ал адам иштебесе, анда анын алименттик карызы топтоло берет", - деди Ибраимов.

Жогорку Кеӊеште бүгүн алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Демилгечинин айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон.

Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты.

"Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө", - деди Максат Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий