• 87
  • 90.59
  • 0.87

Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, түтүктөгү жараканы оңдоо иштерине байланыштуу Учкун кичирайонундагы 8/2, 9, 8, 12, 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24а, 24б үйлөрдө,
Уч-Тулга көчөсү, 15, 54, 49, Казан-Булак көчөсү, 10, 
Ауэзов көчөсү, 6/1, 6/2, 8, 6;
Сатыбалдиев көчөсү, 97 даректеринде жылуулук берүү өчүрүлдү.

Жылуулукту бүгүн саат болжол менен 18:00гө чейин калыбына келтирүү пландалууда. Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн үйлөрдө ысык суу менен камсыздоо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий