• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Активисттер суукта иштеген “Тазалыктын” кызматкерлерин чай менен жылытышууда

Коом 0

Бишкек, 25.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Тазалык МИнын кызматкерлери үчүн “Чай менен жылыт” акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” фондунун аткаруучу директору Динара Аляева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал бардык каалоочуларды акцияга кошулууга чакырды.

“Суук катуу болуп жаткандыгына байланыштуу көчөдө иштегендерге ысык чай беребиз”,-деп билдирди Аляева.

Шилтеме аркылуу өтүп акцияга кошулуп жана толук маалымат алууга болот.

Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөрү аномалдуу суук болору күтүлүүдө. ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 26-29-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, өлкө аймагында нормадан ылдый суук болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий