• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Учурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин колдоосунда 11 долбоор ишке ашырылууда

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Учурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин колдоосу менен 11 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвестицияларды тартуу жана регионалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамирбек Бикулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 11 инвестициялык долбоордун жалпы суммасы 1,5 млрд АКШ долларын түзөт.

“Азыр жалпы каражаттын 35 млн АКШ доллары өздөштүрүлдү. Долбоорлор боюнча айта кетсем, 80 млн АКШ долларына жеткен долбоордун алкагында текстиль фабрикасын куруу каралган. Бүгүнкү күндө иштерге 10 млн доллар жумшалды”, - деди ал.

Ошондой эле Дамирбек Бикулов белгилегендей, калган он инвестициялык долбоордун ичинде туризмди өнүктүрүү, логистика, газды өндүрүү, нефтини кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу, күн энергиясын өндүрүү багыттары бар.

“Учурда бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жер тилкелери бөлүнүп, инвесторлор курулуш иштерин башташкан”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий