• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Учурда Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 62 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Учурда Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 62 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.

Алексей Оверчуктун айтымында, ишканалардын ачылуусуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун колдоосу чоң.

"Азыркы форум сыяктуу жолугушуулар бүгүн күндө суроо-талапка ээ жана Кыргызстан менен Россиянын жакындыгын көрсөтүп турат. Бул уникалдуу аянтча эки өлкөнүн байланыштарын чыңдоонун жандуу куралы. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын эң маанилүү соода өнөктөшү жана ири инвесторлорунун бири болуп саналат. Учурда Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 62 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү да чоң мааниге ээ. Өлкө биримдикке мүчө болгон жылдар аралыгында ИДП үч эсе өстү, салык төлөмдөрү көбөйдү, инвестициялык климат жакшырды. Кыргызстанда долбоорлордун олуттуу бөлүгү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып жатат. Фонддун аркасында экономиканын түрдүү тармактарында көптөгөн ишканалар ачылууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий