• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Учурда лейкоз менен ооруган 250 бала операцияга муктаж – саламаттык сактоо министри

Ден соолук 0

Бишкек, 13.05.24. / Кабар/. Бүгүнкү күндө лейкоз менен ооруган 250 бала операцияга муктаж. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылдан жылга онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны өсүүдө. Жыл сайын онкология диагнозу 3 миңден 5 миңге жакын жаранга коюлат. Алардын 30 пайызы жаш балдар.

"Ушу тапта лейкоз менен ооруган 250 бала операцияны күтүп жатат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий