• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Кыргызстандыктар Баткенде жабыркагандарга кан тапшырууну улантууда

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Республикалык кан борборунун алдында Баткен облусунда жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандардын кезеги түзүлдү.

“Кабар” агенттигине борбордун директору Бакыт Карабаев билдиргендей, учурда 100 адам кезек күтүп турат.

“Дем алыш күндөрү кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга 235 литр донордук кан чогултулду. Ишемби күнү борборго 500 адам кайрылып, анын ичинен 330 донор кан тапшырса, калгандарына ден соолугуна байланыштуу баш тартылган. Жекшембиде кан тапшырууну калаган 250 адам кайрылып, анын 165и кан тапшыра алды”, - деп маалымдады ал.

Карабаев белгилегендей, кан борбору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий