• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Учурда өлкөдө 95 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы иштеп жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 16.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Учурда өлкөдө 95 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйыл 100 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалган. Учурда анын 95и иштеп жатат, ошондой эле дагы 5 дарыкана ачылуу алдында турат. 2025-жылы да муктаждык болсо “Эл Аман” дарыканаларын ачуу улантылат.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри учурда өлкөдөгү 290 оорукана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармектер менен камсыздалып жатканын маалымдады. Анткени, мамлекет башчысы тарабынан өлкөдөгү ооруканалардын бардыгына дары-дармектерди "Кыргызфармация" ишканасы аркылуу заводдордон түз алуу тапшырмасы коюлган.

“Жалпы 90 фармкомпания жана заводдор менен келишим түзүлүп, мурдагы 200дөн 600 эсеге чейин тендер аркылуу кымбат алынган дарылардын бардыгын арзан ала баштадык. Мурда өкмөт бөлүп берген каражатка жылына медицинада керектелүүчү 40 же 50 эндопротез алынып, калгандары жылдап кезек күтүшчү. Быйыл арзандатуулардын натыйжасында муктаждардын баарына бекер коюлду. Жүрөккө коюлуучу стенттер шашылыш жана пландалган бейтаптарга коюлуп жатат”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Бейшеналиев кошумчалагандай, жеке менчик дарыканалар дагы дары-дармектерди мамлекеттик ишкана аркылуу ала башташты.

Пикир

Оставить комментарий