• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. 16-сентябрдан баштап Бишкек шаары жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы жарандарды эмдөө башталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясын сатып алды. Ал 119 миң 663 дозаны түзөт. "Азырк учурда вакциналар баардык аймактарга бөлүштүрүлдү. 16-сентябрдан баштап Бишкек шаары жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы жарандарды вакцинациялоо башталды. Эмдөө ҮМБ, ҮБДТ, ҮДТларда жүргүзүлөт. Өлкөгө вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин, ал эми үчүнчү партиясы 27-октябрдан кийин келүүсү күтүлүүдө. Профилактикалык эмдөө менен камтуу республиканын калкынын 13%ын түзөт", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык кызматкерлерге жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий