• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда учурда патент менен иштегендер толугу менен башка салык режимине өттү

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда учурда патент менен иштегендер толугу менен башка салык режимине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, патент менен иштөө жоюлгандан бери соода чөйрөсүндөгү 82 миңден ашык ишкер башка салык режимдери менен иштеп башташты.

“65 миң 745 субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан. Ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген "Дордой" жана "Тураталы эл базары" ("Кара-Суу") базарларында иштеген 17 миң 141 ишкер өзгөчө салык режимине өттү”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республика боюнча соода ишмердигине патент берүү жокко чыгарылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий