Бишкек, 15.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Бишкекке келди.
Учак бүгүн, 15-июнда таңкы саат 05:00дөр чамасында “Манас” аэропортуна келип конду. Шевченкону спортчунун апасы, жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эскерте кетсек, UFC 275 турниринин алкагында Шевченко Тайла Сантосту жеңип, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калган.
Кыргызстандык спорту жеңишинен кийин алып баруучунун бир катар суроолоруна жооп берип жатып, атаандашы ким болбосун аны менен октаганго чыгууга даяр экенин айткан.
Пикир
Оставить комментарий