• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогунда калтыруу өрттүн тутанышына алып келет

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Кадимки эле уюлдук телефондун кубаттагычы өрттүн тутанышына алып келиши мүмкүн. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жөнөкөй эрежелерди так сактап, аларды эстен чыгарбоо керектигин белгилейт.

- Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагычтын ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;

- заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;

- кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;

- кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;

- телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;

- кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноосуна жол бербеңиз;

- электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тиричилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу зарыл;

- күнүмдүк турмушта колдонулган электр түйүнүндөгү токтун чыңалуусу тиричилик буюмдарын бузушу толук ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий