• 87
  • 90.63
  • 0.79

Панфилов сейил багындагы теннис аянтчасы мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Панфилов атындагы сейил багындагы "Тай Брейк" теннис аянтчасы жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга жер тилкесин мыйзамсыз жер тилкесин берүү боюнча коррупциялык схеманы айрым жогорку даражалуу аткаминерлер уюштургандыгы такталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 млн 900 миң сомду түзгөн, 0,48 га муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен соттун чечимине ылайык жогоруда аталган спорт комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда. Ошону менен бирге колдо болгон процессуалдык материалдардын алкагында объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий