Бишкектеги таштанды таштоочу жайга өзгөчө кооптуу медкалдыктар ыргытылган

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бишкектеги таштанды таштоочу жайга өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар ыргытуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын белгиленген эрежелерин бузуу менен дезинфекциялоосуз жана зыянсыздандыруусуз медициналык калдыктарды көмүү, сактоо, ташуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык коркунуч туудурган бузуулар аныкталды. Мындай көрүнүш калктын ден соолугуна, табигый чөйрөгө жана биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда тиешелүү уруксат кагаздары (лицензиялары) жок иштеп жаткан кайра иштетүүчү ишканалар да аныкталды.

Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу аракети менен, Бишкек шаардык санитардык полигонуна катуу таштандыларды жамынып алып, өзгөчө кооптуу таштандыларды алып чыгып жаткан жеке ишканалар такталды. Алар КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамын одоно бузушкан.

Мындан тышкары, жарандык инфраструктура объектилеринин арасында жайгашкан өзгөчө кооптуу медициналык калдыктарды белгиленген эрежелерди бузуу менен сактоо жана ташуу фактылары да ачыкталды. Аталган калдыктар аркылуу коркунучтуу оорулардын (ВИЧ инфекциясы, вирустук гепатит жана башка) калкка жугуу коркунучу жогору болгон. Ошондой эле таштандыларды чыгаруучу компаниялар (мамлекеттик жана жеке менчик) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөбөгөн фактылар аныкталган. Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге жеке компаниялардын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий