• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ветеринардык кызмат башкармалыгынын жетекчисинин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы С.Ж.нын коррупциялык иштери тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө арыз ээси М.А. этап-этабы менен 6 миң жана 3 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын С.Ж.га өткөрүп берген. Андан ары С.Ж. арыз ээсинин маселесин оң жагына чечүү максатында андан 2 миң доллар өлчөмүндөгү сумманын калдыгын талап кылган.

Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында С.Ж. 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында Кытайлык заводдун өкүлү - А.М. тиешелүү реестрге киргизүү максатында КР Ветеринардык кызмат башкармалыгына документтерди тапшырган. Ошол учурда башкармалыктын башчысы С.Ж. жеке сүйлөшүү учурунда А.М.дан акча талап кылган.

Пикир

Оставить комментарий