Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Такталгандай, 14-апрелде Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы "Восход" дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө 9 мм калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылып алынган.
Учурда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий