• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кармады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактылары боюнча Аламүдүн районунун Достук (мурдагы Ленин) айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э.Н. кармалды.

Тактап айтканда, 2017-жылдан 2022-жылга чейин А.Э.Н. Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча а/а башчысы болуп туруп айрым ишкердик субъекттерине (конкурстук тооруктардын милдеттүү жол-жоболорун сактабастан) ижарага жерлерди мыйзамсыз берүү жолу менен (ижара акысын жасалма төмөндөтүү жана жерлерди тиешелүү рыноктук баалоосуз) мамлекеттин бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2017-2022-жылдар аралыгында Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.Э.Н. тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгына 76 млн 540 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

2024-жылдын 10-июлунда кылмыш ишинин алкагында А.Э.Н. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий