• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте соода борборунун жанында аялын сабаган 28 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.11.21 /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы соода борборунун жанында аялын сабаган кишинин видеосу тараган. Аны дем алыш күндөрү окуянын күбөлөрү тартып алган.

Свердлов райондук милициясынан агенттикке билдиришкендей, аялды сабоо фактысы боюнча 1993-жылы туулган К.А., аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, видеодогу эркек менен аял жубайлар болушат, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий