УКМК Баткенде бир катар аткезчилик фактыларын аныктады

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Алсак, 2024-жылдын 1-июнь жана 4-июнь күндөрү УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылында төмөнкүлөрдү кармады:

- 1998-жылы туулган М.у.Н. аттуу КР жараны башкарып бара жаткан "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок аткезчилик жүгү ( 2800 кг тоок эти ) менен аныкталды;

- 1972-жылы туулган КР жараны А.К.Т. айдап бара жаткан Volvo FH маркасындагы (40 тонналык мунай ташуучу) автоматтык унаа, 13 тонна суюлтулган газ менен эч кандай коштоочу документтери жок кармалды.

Аталган фактылар маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 29-30-майында аткезчиликке бөгөт коюу боюнча УКМК тарабынан мурда көрүлгөн чаралар боюнча сот органдары тарабынан бир катар чечимдер кабыл алынды.

- Баткен райондук соту 25 тоннадан ашык көмүрдү контрабандалык жол менен чектеш тарапка өткөрүүгө аракет кылган Б.М.Э., Б.Т.Ж. жана Н.Б.Ю. аттуу КР жарандарына карата кылмыш ишин карап, кармалган жүктү жана "Хюндай-Портер" маркасындагы автоунаа каражатын (баасы 700 миң сомдун тегерегинде) мамлекеттин кирешесине конфискациялады;

-Баткен райондук сотунун чечими менен чектеш тараптан контрабандалык жүк (лимон 778 кг) ташыган Ж.М.А. аттуу КР жараны күнөөлүү деп табылып, кармалган жүк жана АТС маркасындагы "Мерседес-Бенц Спринтер" (баасы 1 млн 200 миң сомдун тегерегинде) унаасы мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

- Лейлек райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси жана 231-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши каралды. Соттун чечими менен КР жараны К.Д.О. күнөөлүү деп табылып, бир жыл пробацияда болот. Ал эми тиешелүү коштоочу документтери жок, коңшу тарапка контрабандалык жол менен алып өтүүгө арналган 8 миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармек каражаттары утилдештирүүгө жатат;

- Лейлек райондук сотунун чечими менен эл керектөөчү товарлар түрүндөгү контрабандалык жүктү коңшу тарапка мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган КР жараны А.А.К. күнөөлүү деп табылды. Мындан улам кармалган 2 млн 535 миң сомдон ашык жүк жана "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаасы (баасы 900 миң сомго жакын) мамлекетке конфискацияланды. Мындан тышкары, А.А.К.дан мамлекеттин пайдасына 100 миң сом айып өндүрүлдү. Жалпысынан мамлекетке 3 млн 535 миң сомдон ашык сумма кайтарылды.

УКМК чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык иш жүргүзгөндөргө кылмыш жоопкерчилиги каралаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий