• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

УКМК: Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Сүйүмбаев Болот Тураровичти издеп жатат.

Жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Б. Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган туралуу танылгыс далилдер алынды.

Б. Сүйүмбаевдин сурака келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-беренесинин 2-бөлүмү ("экономикалык кантарбанда") боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.

Болот Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий