• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ: Мурда жогорку кызматты ээлеген жаран ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Түркияда Ички иштер министрлигинин Интерполу тарабынан ири алдамчылыкка шектелген, мурдагы жогорку кызматты ээлеген жаран кармалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") каралган кылмыштын негизинде 55 жаштагы А.Н.га карата козголгон кылмыш иши тергелди. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар шектүү жаран 2022-жылы Интерполдун издөө тизмесине жарыяланган.

Ошентип, А.Н. материалдык пайда табууга байланышкан жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол кездеги мамлекеттик түзүмдөрдүн биринде турган жогорку кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз, 2,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана шаардын ортосунда жайгашкан батирге ээлик кылып алган.

Андан соң кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө, жалпы суммасы 390 миң долларга бааланып күрөөгө коюлган. А.Н. аттуу жаран көрсөтүлгөн каражатты алып, андан соң аты-жөнүн Ы.А. деп өзгөртүп, берилген убадасын аткарбай жана каражаттарды кайтарбастан, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактардын жеке менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 миң долларга, ресторан 771 миң 600 долларга бааланган. Жалпы келтирилген чыгым, 827 миң 600 долларды түзгөн.

Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий