• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров: Бүгүнкү курултай – жаңыланган диалогдун кезеңи

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. "Бүгүнкү Курултай – жаңыланган диалогдун кезеңи! Жаңы идеяларга шыктанган элдин үнүн угуу менен жаркын келечегибизди түптөй турган маанилүү чечимдерди кабыл алуунун учуру", деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө.

Мамлекет башчысы иш-чаранын башында сөз сүйлөп жатып, былтыр ноябрда өткөн Элдик курултай өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала турган маанилүү кадам болгондугун айтты.

"Биз жапа тырмак аракеттенип, демократиянын жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдай алдык, КР бардык жарандарынын бакубатчылыгын андан-ары камсыз кылууга жол чаптык. Бүгүн биз улуттук тарыхыбыздын дагы бир жаңы барагын ачып, жаңы чогулган Элдик курултайдын ишин баштоонун алдында турабыз. Бүгүнкү курултай – жаңыланган диалогдун кезеңи! Жаңы идеяларга шыктанган элдин үнүн угуу менен жаркын келечегибизди түптөй турган маанилүү чечимдерди кабыл алуунун учуру! Ар бирибиздин алдыбызда жалпы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоо деген албан жоопкерчилик турат. Андыктан, эл-журттун өсүп-өнүгүшүнө жана биримдигине умтулуубуз, жасаган иш-аракеттерибиз эл алдындагы милдеттерибизге төп келиши керек", - деди өлкө башчысы.

Президент бүгүнкү делегаттардын курамында жалпы журт сыймыктанган жарандар бар экендиги аны кубандырганын жашырган жок.

"Сиздер “элдин үнүн угузабыз, үмүт-тилеги менен өтүнүчтөрүн жеткиребиз, үзүрлүү жыйынтыктарга жетишүүгө жол ачкан чечимдерди кабыл алабыз” деген изги ниет менен келдиңиздер. Менин да, Өкмөттүн да тилегибиз ошондой. Мен Элдик курултайдан мазмундуу жана конструктивдүү иштерди күтөм.

Ал үчүн ар бир делегаттын талкууга жигердүү катышуусу, омоктуу ойлорду көтөрүүсү маанилүү. Бүгүнкү өзгөрүлмөлүү заманда алдыдагы жылдарда кыйынчылыктар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок ынтымагыбыз бекем болсо, кеңешип иш алпарсак, кандай гана тоскоолдук чыкпасын, аларды жеңип, жалпы максатыбызга жете алабыз деп ишенем. Биздин негизги максатыбыз жана түпкү мүдөөбүз – ар бир жарандын өз күч-дарамети жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адилеттүү жана гүлдөгөн коомду, өнүккөн өлкөнү курууга катышуусуна жетишүү", - деди Садыр Жапаров.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700гө жакын делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Пикир

Оставить комментарий