• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мен эч кимге элдин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербеймин — президент

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, келечекте жасалчу иштер тууралуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

"Ааламдашуу доорунда, башка өлкөлөрдөй эле Кыргыз Республикасы дагы, бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан атаандаштыктын күчөшү, маалыматтык согуштун курчушу, экономика көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект, руханий, адеп-ахлактык жардылык менен тыгыз байланышкан жаңы жагдайларга туш болууда. Ооба, бир жагынан алып караганда өзгөрүү доорунда жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Бирок бүгүнкү дүйнөдөгү өзгөрүүлөр шартында жогоруда айтылган жараяндарга ыңгайлашып, жаңы көчкө чыйыр салып кетүү – биздин башкы милдетибиз", - деди президент.

Мамлекет башчысы ар бир экономикалык өнүгүүнүн артында руханий жана маданий өзөк жатарын кошумчалады.

"Бизге – Айкөл Манастын, кеменгер Жусуп Баласагындын, даанышман Махмуд Кашгари-Барсканинин урпактарына ондогон кылымдарды артка таштаган ата-бабаларыбыздын каада-салты менен нарк-насилин сактап, аларды өнүгүүнүн өзөгүнө айландырууга мезгил келип жетти. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү, айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдүн баары өзөгүн изилдеп, руханий баалуулуктарын иликтей баштаганын баамдоого болот. Себеби нарк-насил, каада-салт кийинки муундун акылына – акыл, эсине – эс, сөзүнө – сөз кошуп, көзүнө – көз болот! Каада-салт көкүрөк-көөдөнүн тазалаган коомдун тамыры жана келечеги кең экени барган сайын айкын болуп барат.

Дүйнө элдеринин мындай аракеттеринин катарында биздин коомчулукта дагы өзүнө эреже-тартип катары кабыл алып жашап келген ата-бабаларыбыздын нарк-насилин жайылтуу, бойго сиңирүүгө болгон умтулуусу, каалоосу күч алды. Биз учурда түрдүү маданий, этностук, диний көз караштарды карманган жарандардын жамааттарына карабастан, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бакубаттуулугун бекемдөөгө умтулган кыргыз жаранын жана ошол жарандардын биримдигинен турган коомду калыптандырууга багыт алдык.

Эл шайлаган президент катары мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымакты чыңдоого, диндер аралык толеранттуулукту жогорулатууга, экстремизмге бөгөт коюуга багытталган жалпы улуттук комплекстүү системаны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү милдетин коюп келатам", - деп баса белгиледи президент өз сөзүндө.

Мамлекет башчысы бул тапшырманы бүгүн да кайталап: эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө элдин ынтымагына доо кетирсе, улуттар ортосундагы достукту бузса, өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартыларын баса белгиледи.

"Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербеймин", - деди Кыргызстандын президенти.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Пикир

Оставить комментарий