• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айыл чарба кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинен караштуу Жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта ИИМдин Тергөө кызматына О.С. атуу жаран кайрылып, Айыл чарба министрлигине караштуу жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери опузалоо менен маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштырдын бирдиктүү рэестирине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, кечээ, 11-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 миң доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р жана бөлүм башчысы М.Ш. кармалган.

Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий