• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында сүрөтчүлөрдүн сынагы өтөт. Шарттары

Аймак 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы, шаардык маданият башкармалыгы сүрөтчүлөр арасында "Урааным Манас" аталышындагы сынак жарыялайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак 8-сентябрда башталып, ага 18 жаштан жогорку каалаган сүрөтчүлөрдүн баары катыша алат. Шарт боюнча сүрөт сынак күнү тартылып, ошол күнү жеринде жыйынтыкталат. Ал эми жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактын шарттары:

- конкурска катышуучулардын жашы 18ден жогору болуусу керек жана категорияга бөлүнбөйт;
- катышуучулар сынак күнү өздөрүнүн инструменттерин (боек, калем ж.б.) алып келип сүрөт тартышат;
- ар бир автор бирден гана сүрөт тартууга укуктуу;
- сүрөттүн өлчөмү А2 форматта (торшон кагазы берилет) , каалаган стилде жана техникада иштесе болот (живопись, графика);
- тематикага туура келбеген сүрөттөр каралбайт;
- конкурста тартылган сүрөттөр уюштуруучуларда калтырылат;
- эмгектин арткы тарабына катышуучу аты-жөнүн калтыруу абзел.

Пикир

Оставить комментарий