• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: чагымчылдык мүнөздөгү видео тараткандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда кытай жарандарынын укук бузган иш-аракеттери тууралуу социалдык тармактарда түрдүү маалымат жайылтып жаткандар боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда чагымчыл кабарларды жайылткан бир катар адамдар аныкталды, алардын айрымдары өздөрүнүн кылган иштерин мойнуна алып, өкүнгөндөрүн билдиришүүдө.

– Деструктивдүү күчтөр атайын материалдарды жасап таратып, коомчулуктун оюн башка нукка буруп, Кыргызстандагы кырдаалдын туруктуулугун бузуу максатын көздөп жатышат.

Ошол эле учурда, жайылталган бир катар материалдардын арасында, 2015 жылы Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 6 жашар кыздын тартылган видеосу дагы бар. Бул иш боюнча күнөөлүлөр кармалып, соттолгон.

УКМК ушундай мыйзамсыз иш аракеттерге курал болуп, кылмыштуу күчтөргө көмөкчү болбогула деп эскертет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса - төрттөн жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий