• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Орозайым Нарматованы ЖОЖго мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча иш козголду

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештиин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

УКМК коомчулукта жана социалдык тармактарда депутат Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу анын чакырылуу себептерин төмөндөгүчө маалымдайт:

"Улуттук коопсуздук органдарына өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда О. Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О. Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда О.Нарматова өлкөдө жок болуп, Россия Федерациясында болгону аныкталды.

Демек, Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.

Ошол себептен Орозайым Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи".

Пикир

Оставить комментарий