• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын 1992-жылы туулган С.И.И. аттуу жараны кармалды.

Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, С.И.И. шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 12 (он эки) миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955 миң АКШ долларына жакын) зыян келтирилген.

Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий