• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Прокуратура Балыкчы шаарында кызды унаа сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Прокуратура Балыкчы шаарында кызды унаа сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды унаа сүзүп, унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды.

Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү КР Башкы прокурорунун контролунда турат.

Пикир

Оставить комментарий