Сузак райондук милициясында "Бирдиктүү терезе" борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн "Бирдиктүү терезе" шартындагы тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына облустук милициянын башчысынын орун басары Зарылбек Раимкулов, ИИМдин МТББнын башкармалыгынын башчысы Руслан Кыштобаев, Сузак РИИБдин башчысы Арстанбек Усанов, Сузак районунун акиминин орун басары Бакытбек Суюнбаев, райондук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы Сүйөркул Бакиров, жергиликтүү аксакалдар катышты.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Зарылбек Раимкулов бирдиктүү терезе борборунун курулуш иштерине колдоо көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталарын тапшырды.

Демөөрчүлөр тарабынан каржыланып пайданууга берилген “Бирдиктүү терезе” борборунан Сузак районунун тургундары соттуулугу жөнүндө маалым каттарды ала алышат. Буга чейин Сузак районунда мындай борбор болбогондуктан Жалал-Абад ОИИБден алып келишкен.

Сузак РИИБдин “Бирдиктүү терезе” борбору жумуш күндөрү саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Ишеним телефону: (03748) 5-02-09, (0772) 98-11-05.

Пикир

Оставить комментарий