• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Ош шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы келин Ош шаарынын Алиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн секирип, өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Ал жаранды куткарууга жерине 4 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жолу менен куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий