• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

2018-жылдын 4 айында өрттөн 30 адам каза болду, алардын бирөө жаш бала

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.18. / Кабар/. 2018-жылдын 4 айында Кыргызстанда 1 миң 130 өрт чыккан, 2017-жылдын бул мезгилинде 954 өрт болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, өрттөн 30 адам каза тапкан, алардын бирөө жаш бала. 25 адам жабыркаган, 43 адамдын өмүрү жана жалпы суммасы 902 млн. сомдук буюмдар куткарылган.

“Өрттүн негизги себептери: электржабдыктарды колдонуу эрежелерин бузуу – 34,2%, өрт менен этият эмес кайрылуу – 30,4%, от жагуучу меш жана моорлорду колдонуу эрежелерин бузуу – 15,5% жана балдардын өрт менен кылган тентектиги – 7,3%”, - деп билдирди ал.

Чыккан өрттөрдүн негизги үлүшү төмөнкү облустарга туура келет: Чүй облусуна (324), бир адам каза болгон. Бишкекте (216), 5 адам каза болгон, Ош облусу (137), 1 адам каза болгон, Жала-Абад облусу (134), 3 адам каза болгон, Ысык-Көл облусу (133), 3 адам каза болгон, Баткен облусу (51) 51 адам каза болгон, алардын бирөө жаш бала, Талас облусу (51) жана Ош шаары (51).

Өткөн жылдан бери өлкөдө 7 ири өрт чыккан: Ысык-Көл облусундагы “Осминог” ресторанында, Бишкектеги “Сейтек” базарында 2 жолу, “Ош” базарындагы “Берекет Грант” соода-борборунда, Жалал-Абад шаардык соода-борборунда.

Пикир

Оставить комментарий