• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Билим берүү министрлигинин имаратына уурулукка киргендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына уурулукка кирген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМдин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтин имаратынын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя 7нен 8-августка караган түнү болгон.

Жерине барган атайын топ тарабынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, багажынан министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган.

Министрликтин имаратына уурулукка кирүүгө шектелип 50, 51, 32 жана 33 жаштагы төрт жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий