• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда "Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу", "Халифатты орнотуу аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу" белгилери камтылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий