Чүйдө героин менен кармалган жарандар 13 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Чүйдө героин менен кармалган жарандар мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймактарынын жашоочулары тарабынан уюштурулган оор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан З.Э.З. жана Ш.Э.Ж. аттуу кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган.

Натыйжада, 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан 1105 грамм салмактагы героин (кара базарда баасы 5 млн сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары Ш.Э.Ж. жана каналдын уюштуруучусу З.Э.З. кармалган.

Жайыл райондук сотунун чечими менен З.Э.З. жана Ш.Э.Ж. мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар үчүн катуу жазалар каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий