• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Издөөдө жүргөн согушкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармалды. Ал КР кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Такталган маалыматтарга ылайык, кармалган адам 2015-жылы “джихад” идеологиясын көздөп, Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий