• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшүн кармады

Коом 0


Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшүн кармады.

Мурда маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топко К.Асанбекке (Көлбаевге) карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-октябрында КР жараны Азрет Боотаев кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тактап айтканда, Азрет Боотаев "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, К.Асанбектин бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыка дал келбейт.

Алсак, жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок, иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш., Курултай көч., №49, төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк болуп саналат, кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жайгашып, ал кыймылсыз мүлк төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53 Боотаев Азрет Түркменовичтин мүлктөрүнүн арасында жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Боотаев Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган.

УКМК жарандарды, уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкү телефондор боюнча кайрылууларына чакырат: 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68.

Пикир

Оставить комментарий