• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү топтон баш тартты

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.10.24. /Кабар/. УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, криминалдык дүйнөдө "Сапа" каймана аты менен белгилүү С.С.Т.га карата ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган жаран өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.

Мындан тышкары, ал КР мыйзамдарын сактоого жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдой тургандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий