Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кара-Балта шаарында контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УМКК Финансы министрлигине караштуу алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматынын департаментинин кызматкерлери менен биргеликте “О” ЖЧКсынын жасалма алкоголдук продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
17-мартта өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Балта шаарынын “О” ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 миң бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.
Тинтүү учурунда андан тышкары, 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка) табылды.
Учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий