• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Кеминдин тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарынын мүчөлөрүн жана тарапкерлерин мыйзамсыз жолдон кайтаруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүйдүн Кемин районунун К.И.Д. аттуу тургуну “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмдун катарынан чыккандыгын билдирип, башка жарандарды да бул сыяктуу уюмдарга кошулбоого чакырды.

“К.И.Д. 2010-жылы эмиссарлар тарабынан “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунун катарына кабыл алынып, тыюу салынган экстремисттик агымдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен активдүү алектенген”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК мыйзамсыз экстремисттик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий