Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бүгүн Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары жана Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кызматкерлери арасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жыйынга коргоо мекемелеринин башкаруу органдарынын жетекчилиги, ошондой эле борбордук баш ийүүдөгү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
УКМК кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү. Ошондой эле 2024-жылдагы коргоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.
Пикир
Оставить комментарий