• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктарга чет өлкөдө жумушка орношууга 75 жеке агенттик жардам берет

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча 75 жеке агенттик катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультативдик борборунун директору Бактияр Төлөнов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан бери бул агенттиктер КРнын 7 миң 11 жаранына чет өлкөдөн жумуш таап беришкен. Анын ичинен 2 миң 692си аялдар.

“Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультативдик борбору Жакынкы жана Ыраакы Чыгыштын өлкөлөрүндө: Россия, Казакстан, Түштүк Корея жана Түркияда жумушсуз жарандардын жумушка орношуусуна көмөктөшөт. Түштүк Кореяга жумушка орношуу боюнча 9 миң 728 жаран кеңеш алган, алардын 360ы жумушка орношкон. Россия боюнча 6 миң 397 адам кеңеш алып, 138и жумушка кирген. Түркия боюнча 2 миң 683 адам кеп-кеңеш алып, 1 миң 136 адам жумушка орношкон”, - деди Төлөнов.

Андан сырткары Персия булуңунун өлкөлөрү (Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары) кыргызстандыктардын арасында популярдуу.

Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларындагы жогорку окуу жайларда, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жарандарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу жумушка орношуу жөнүндө кабардар кылуу максатында бош жумуш орундарынын жарманкелери өткөн.

Пикир

Оставить комментарий