• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоодо жана Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча өткөргөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны, 1994-ж.т. «Х.И.» кармалган.

"Такталган маалымат боюнча, ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга рекруттарды үгүттөө менен алектенип келген", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда УКМКнын Тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий