• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКМК кримтөбөл Эркин Мамбеталиевди кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кримтөбөл Эркин Мамбеталиеи кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгиленгендей, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында, Мамбеталиев Эркинбек Шамытаевичтин, кримтөбөл Рыспек Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон Камчы Асанбектин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, Эркин Мамбеталиев Рыспек Акматбаев менен Камчы Асанбектин криминалдык чөйрөсүндөгү кылмыштуу байланыштарын жана өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоо көрсөтүүсү менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган.

Тагыраагы, Эркин Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон.

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы толугу менен алынып, 4 млн.АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталды.

Мындан улам, Эркин Мамбеталиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий