• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

УКМК: Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик М.М. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жаран 20-июлда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий