• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК: Кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан ломбард уюмдары тарабынан алдамчылык жана ар кандай мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле борбор калаанын калкына бул жаатта ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өлкө жарандарына жогорку үстөк пайыз менен акча ссудаларын берүү жолу аркылуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алган адистешкен туруктуу кылмыштуу топту аныктады.

О.Ж.К. жана Д.Д.Н. аттуу жарандардын жетекчилиги астындагы топ, тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, өлкө жарандарына жогорулатылган үстөк пайыздары менен (жылына 60% дан 120%га чейин) оор шарттарда накталай кредиттерди берүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, натыйжада карыз алуучулар кыймылсыз мүлктөрүн күрөөгө коюп, жыйынтыгында алардан ажырап калышкан.

2024-жылдын 22-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, О.Ж.К. жана Д.Д.Н пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган топтун мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК аталган топтун алдамчылык аракеттеринин курмандыгы болгон жарандар болсо төмөндөгү ишеним телефон номерлерине: 0 (312) 660475, же тийиштүү кызматка жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий