• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ЖК мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Жолдошбаевге карата чечимди 22-февралда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарган.

Эскерте кетсек, 21-февралда УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Беш-Сары" ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий