• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Ысык-Көлдө "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышында форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Каракол шаарында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" деген ураан алдында облустук деӊгээлде форум өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун максаты – КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу" боюнча Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында, жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин облустагы өкүлү Уланбек Далиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Орунбай Кочкоров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Форумдун башында чогулгандарга облуста милициянын көчмө кабылдамалардын ишмердүүлүгү жана баңги заттардын жайылышын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтык материалдар таратылды.

Ошондой эле делегаттарга форумдун логотиби түшүрүлгөн төш белгилер, брошюралар жана блокноттор тапшырылды. Андан соң “Коопсуз өлкө – Ички иштер министрлигинин негизги стратегиялык багыты” деген темада видео тасма көрсөтүлүп, форумдун катышуучулары Ысык-Көл ОИИБ тарабынан акыркы 3 жылдын аралыгында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана анын алдын алууда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат менен тааныша алышты.

Октябрь Урмамбетов Форумдун катышуучуларына кайрылып тамыры терең бул жаман илдет менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо актуалдуу жана зарыл болуп жатканын белгиледи.

"Коркунуч үстөмдүк кылган коомдо – эч бир өнүүгү болбостон, ал туӊгуюка барып такалары, ар бирибизге белгилүү. Андыктан, ушул форумдун ишине катышып жаткан ар бир инсан, мамлекетибиздин эртеӊки келечегине кайдыгер карабаган чыныгы өлкөбүздүн патриоттору экени талашсыз", - деди Урмамбетов.

Форумдун соңунда ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө жана милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, алдын алуу иштерин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында резолюция кабыл алынды.

Буга чейин ушундай эле форум Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Нарын облустарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий