• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК: Кылмыш чөйрөсүндө “Тапанча” каймана аты менен белгилүү болгон ишкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Кылмыш чөйрөсүндө “Тапанча” каймана аты менен белгилүү болгон ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдары туралуу тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн, криминалдык чөйрөдө "Тапанча" деп таанылган жеке ишкер И.Б.Б. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Б.Б. маркум кримтөбөл К. Асанбек менен жакын байланышы бар болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу "Голубой Иссык-Куль" жана "Кыргызское Взморье" пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталды.

Кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда, И.Б.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн К. Асанбектин "ууру казынасын" толуктоого байма-бай жумшаган.

Мындан улам, күн мурун, 7-августта КР жараны И.Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш жолу менен алынган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий